«Кыргызстан - Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат

«Кыргызстан - Өзбекстан» бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлат

2023-жылдын 26-27-январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин КРга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында, 18 жана “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес форумунун алкагында 10 документке кол коюлаары күтүлүүдө. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратовду кабыл алды. 

“Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башында турган делегацияны тосуп алууга жана эки тараптуу жолугушууларды жемиштүү уюштуруп өткөрүүгө дыкат даярдыктар көрүлүүдө. Өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүрүүдө. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттери ортосундагы ар тараптуу бардык тармактар боюнча кызматташууларыбыз майнаптуу жыйынтыктарды бере берсин”, – деди Төрөбаев. 

Ал эми Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму жана эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жемиштүү болооруна ишенерин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын