Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады

Президент Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй куруп берүүнү убадалады

Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы мезгилде Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат.

“Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат”, – деп айтылат маалыматта.

Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын, бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар экендигин айтууда.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын