«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» Караколдо филиалын ачты

17-январда «Кыргыз-Швейцариялык Банк» ЖАКтын Каракол шаарында филиалы ачылды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.

Банктын жаңы филиалы кардарларды оперативдүү тейлөө үчүн техникалык жабдуулар менен жабдылган, банктык жайларды коргоонун заманбап талаптарына жооп берет жана коноктордун жайлуу болушу үчүн бардык зарыл шарттарга ээ.

“Заманбап операциялык бөлмө кардарларды ыңгайлуу тейлөөгө мүмкүндүк берет. Тейлөөнүн жогорку деңгээли жана күнүмдүк маселелерди ыкчам чечүү Каракол шаарынын жаңы филиалында тейлөөнү ыңгайлуу жана коопсуз кылат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы филиалдын кардарлары эсептерди ачуу жана жүргүзүү, депозит ачуу, акча которуулар, эл аралык төлөм карталарын ачуу жана кредиттер боюнча консультацияларды алуу сыяктуу банктын кызматтарынын жана продуктыларынын бардык спектрин пайдалана алышат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды