Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Ош облустук Соттук-медициналык эксперттөө борборунда 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 19-ноябрда Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө аталган борбордун жооптуу кызмат адамдары 2025-2026-жылдары 6 млн 43 миң 812 сом акча каражатын мыйзамсыз ыйгарып алышкандыгы аныкталган.

Атайын кызмат тактагандай, мекеменин ар кандай чыгымдарын жабууга багытталган акча каражаттары кызмат көрсөтүлгөн деген негизде жеке жактардын банктык эсептерине которулуп, кийин борбордун жооптуу кызмат адамдарынын жеке эсептерине кайра которулуп турган.

"Мындан тышкары, ар кандай компенсациялык төлөмдөр мыйзамсыз чегерилген", - дешти мекемеден.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди