Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат - Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт

Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылат - Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду каржылайт

Кыргызстанда пахтаны кайра иштетүүчү кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Аалиев учурда пахтаны өстүрүү жана андан текстиль буюмдарын өндүрүүнү караган кластердик өндүрүш долбоору даярдалып жатканын айтат.

“Бул Кыргызстандын текстиль тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Бизде пахта бар, бирок аны кайра иштетүү жок. Биздин дыйкандар түшүмүн арзан баада сатууга аргасыз болууда”, – деди ал.

Ишкананын курулушу Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланары күтүлүүдө.

Ошондой эле ал азыр фонддо жалпы суммасы 8 млн доллардан ашык каражатка төрт долбоор бар экенин жана 20дан ашык ар кандай долбоорлорго кредиттик линияларды даярдалып жатканын, алар ар кандай этапта экенин билдирди.

“Алардын жалпы баасы 100 млн доллардан ашат. Даяр болгондон кийин каржылоону баштайбыз”, – деп кошумчалады Аалиев.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын