СӨП Кыргыз-өзбек бизнес форумунда ишкерлерге жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды атады

Кыргыз-өзбек бизнес форумунда Соода өнөр жай палатасынын жетекчиси (СӨП) Темир Сариев кыргызстандык ишкерлер үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктар тууралуу айтканын билдирди.

Ошондой эле бүгүнкү форумдун алкагында палата бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруп, анда кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн тоскоолдук болуп саналган көйгөйлөр айтылган.

Алар:

  • чек арага чектеш райондордо өткөрүү пункттарынын жетишсиздиги
  • алардын техникалык жабдылышы
  • тез бузулуучу азыктарды жеткирүү үчүн “жашыл коридорлордун” жоктугу
  • соода-логистикалык хаб түзүү зарылдыгы
  • ветеринардык документтер боюнча электрондук тутумдарды интеграциялоо зарыл
  • авиакаттамдарды көбөйтүү керек.

Ошондой эле Сариев эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда иштиктүү Кеңеш түзүлгөнүн билдирди.

“Бул эки өлкөнүн бизнесинин активдүү диалогу, өз ара кызыкчылыктарды жана долбоорлорду илгерилетүү үчүн аянтча. Негизги максаты – өзбек экономикасынын потенциалын, бул өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалануу”, – деди ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды