КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди

КРда электромобилдер жана электр заряддоочу станцияларды изилдөөгө Кореядан эксперттер тобу келди

Кыргызстанга электромобилдер жана электр заряддоочу станциялар боюнча долбоордун алдын ала изилдөөсүн жүргүзүү үчүн эксперттер тобу келди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 26-январда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) директору Ли Жонгсу мырза менен жолугушту, анда эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Амангелдиев приоритеттүү багыттардын бири катары «жашыл» экономиканы жана туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү экендигин белгилеген. Ошол эле учурда “жашыл” өнүгүүнүн маанилүү инструменттеринин бири транспорттун экологиялык режимине өтүү болуп саналат. Министрлик «Кыргызпочтасы» ААК менен биргеликте бул жаатта долбоорду иштеп чыгууда.

“Ли Йонгсу мырза белгилегендей, KOICA да климаттын өзгөрүшүнө жана аймактарды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурат. Тактап айтканда, Кыргызстанга электромобилдер жана электр заряддоочу станциялар боюнча долбоордун алдын ала изилдөөсүн жүргүзүү үчүн эксперттер тобу келди”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.

КР Экономика министрлиги KOICAнын кыргыз тараптан контр-өнөктөшү катары KOICA кеңсесинин толук кандуу иштешине жана КРда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө