«Кумтөр» калдыктарды кайра иштетүүчү компанияны аныктады - андан дагы 112.6 тонна алтын алынат

15-январда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) Кумтөр кенинин калдыктарын кайра иштетүүчү компанияны жана технологиясын тандоо боюнча тендерди аяктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Компания аныкталган жаңы жетекчилик ишкананы 2031-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыкканын билдирди. Адистердин айтымында, карьерден 135 тоннадан ашык алтын алынса, дагы 112.6 тоннасы калдык сактоочу жайларда турат.

«Учурда эскирген калдыктарды кайра иштетүү боюнча долбоор ишке ашыруу стадиясында турат. 15-январда ишкананы жана калдыктарды кайра иштетүү технологиясын тандоо боюнча сынак аяктады. Жылына 12 млн тоннага жакын калдыктарды кайра иштетүү пландалууда», – деп билдирди КГК.

КГК кошумчалагандай, дамбанын курулушу катуу көзөмөлгө алынгандыктан, чынында эле калдыктарды толтуруу коркунучу жок.

Азырынча калдык сактоочу жайды иштетүү боюнча подрядчынын аты-жөнү жана долбоордун башка деталдары ачыктала элек.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды