Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту - ичинде чек ара боюнча келишим да бар

Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту - ичинде чек ара боюнча келишим да бар

Бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев КР менен ӨРнын ортосунда кеңири камтылган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту.

Белгилей кетсек, 10 пунктта 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен ӨРнын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө Протокол бар.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
  2. КРнын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы Өз ара сооданын бажы статистикалык маалыматтары менен алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнүндө Протокол.
  3. КРнын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык шектүү операцияларды жүргүзүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташуу жөнүндө Протокол.
  4. КРнын министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  5. КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  6. КРнын Энергетика министрлиги менен Өзбекстандын Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  7. КРнын Энергетика министрлиги менен Өзбекстандын Энергетика министрлигинин ортосундагы көмүр өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Макулдашуу.
  8. КРныннын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  9. КРнын Өкмөтү менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 6-сентябрындагы КРнын Өкмөтүнүн чек арага жакын райондорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.
  10. 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө Протокол.
  11. 2006-жылдын 3-октябрындагы КРнын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол.
  12. КР менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.
  13. КРнын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  14. КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерция техникаларын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  15. 2023-2025-жылдарга карата КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы.
  16. КРнын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  17. КРнын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
  18. КРнын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа.
  19. КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа.
  20. КРнын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Наманган облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа.
  21. КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Анжиян облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа.
  22. КРнын Энергетика министрлиги менен Өзбекстандын Энергетика министрлигинин ортосундагы Чаткал ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандуму.

Бизнес-форумдун алкагында кол коюлган документтер: 

  1. “Дастан ТНК” ААКсы менен «TOSHELECTRAPPARAT» ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору (АСКУЭ электр эсептегичтерин чыгаруу боюнча).

24. КРнын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусундагы “Baxodir Log’on Tekstil” (ЖЧК) биргелешкен ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу долбоору.

Мындан тышкары окуңуз

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө