Кыргызстанда Amazon сыяктуу аянтча пайда болот

Кыргызстанда Amazon сыяктуу аянтча пайда болот

Кыргызстанда Amazon`дун аналогуна окшош аянтча пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай долбоорду каржылоого арыз фонддун кардарлары тарабынан берилген. Аянтчаны Бишкектеги “Дордой” базарына жакын жерге куруу пландалууда.

“Долбоор “А” классындагы эл аралык хабды түзүүнү карайт — бул толугу менен онлайн соода менен толук автоматташтырылган жогорку технологиялык кампа, башкача айтканда, Amazon типтүү. Долбоорлор биздин өлкөнүн соода балансын жогорулатууга мүмкүндүк түзөт”, – деди Аалиев.

Ал фонд ошондой эле Кызыл-Кыя шаарындагы ири логистикалык борбордун курулушун каржылоого даярданып жатканын, ал жерде Өзбекстанга экспорттоого арналган атамекендик товарлар сакталарын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада сыноодон өтүп жаткан Higer үлгүсүндөгү электробусту текшерип көрдү. “Бүгүнкү күндө биз төрт компаниянын Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong өндүрүшүнөн чыккан электробустарды сынап жатабыз. Бизге узундугу 8 жана 8,7

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу расмий башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жана башка расмий коноктор катышты. Маалыматка ылайык, мектеп заманбап окуу кабинеттер, лабораториялар, спорт зал, ашкана жана бассейн менен камсыздалат. Билим берүү

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

20-майда видеоконференция форматында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынында 20 маселе каралып, бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында спорттук тамактанууну милдеттүү маркалоо боюнча товарлардын тизмеси бекитилип, стерилдүү продукцияны өндүрүүгө коюлган талаптар күчөтүлдү. Ошондой эле ЕАЭБге импорттолгон товарларды көзөмөлдөө механизми жана баалуу

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү