Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды

Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды

Инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Германияга болгон иш сапарынын алкагында Бавария федералдык мамлекетинин административдик борбору Мюнхен шаарынын бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мюнхен жана Жогорку Бавариянын Соода-өнөр жай палатасынын аткаруучу директору, Бавариянын Азык-түлүк, айыл чарба жана токой чарба министрлигинин департаментинин директору жана Экономика, жер иштетүү жана энергетика министрлигинин интернационализация, жайгаштыруу саясаты жана инвестициялар департаментинин директору менен сүйлөшүүлөр болуп өттү.

Негизги маселелер катары немис компанияларынын кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатууга жана адистештирилген окуу программаларына катыштырып, андан ары жумушка орноштуруу боюнча Кыргызстан менен Бавария федералдык жергесинин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн учурдагы багыттары талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстанда жеңилдетилген тарифтерди берип, айыл чарба техникасын өндүргөн Германиянын көрүнүктүү заводдорунун запастык бөлүктөрүн жана тетиктерин өндүрүүнү жайгаштыруу тууралуу сөз болду.

Талкуунун башка темалары төмөнкүлөр болду:

  • Ата мекендик органикалык айыл чарба продукциясын (мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер, топоздун эти) Европа Биримдигине, анын ичинде Германияга экспорттоону уюштуруу.
  • 2023-жылдын апрель айында Мюнхен шаарында Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынын өткөрүү жана Бавариянын Экономика, жер иштетүү жана энергетика министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерттин 2023-жылдын июль айында Бавариянын ишкерлери менен бирге Кыргызстанга иш сапары.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап кызматташтыкты өнүктүрүү жана Бавария федералдык жергеси менен ар түрдүү багыттар боюнча узак мөөнөттүү кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу зарылчылыгы боюнча бир түшүнүккө келишкенин Инвестиция агенттиги билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө