Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан - 8.8%га көп

Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан - 8.8%га көп

Өткөн жылы Кыргызстанга сырттан келген акчанын көлөмү 2.7 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын башчысы Айбек Султаналиев билдирди.

Улуттук банктын 2022-жылдын 11 айы үчүн статистикалык маалыматтарына ылайык, башка өлкөлөрдөн КРга акча которуулардын көлөмү 2 млрд 700 млн АКШ долларынан ашыкты түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8.8%га өскөн.

Көбүнчө Россия, АКШ жана Түркия сыяктуу үч өлкөдөн которуулар жүзөгө ашырылган. 2021-жылы болсо акча которуулардын көлөмү 2 млрд 750 млн доллардан ашыгыраакты түзгөн.

Бүгүнкү күндө Улуттук банкта банк эсебин ачпастан эл аралык акча которуу системаларынын 15 оператору каттоодон өткөн. Ошондой эле Visa, MasterCard, Union Pay Int., American Express, JCB, Золотая Корона жана Мир сыяктуу 7 банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары да каттоодон өтүшкөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө