Суу - бул маанилүү ресурс, аны экспорттоо иштерин күчөтүү зарыл - Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышып, сууну экспорттоо тууралуу пикирлерин айтканын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Жапаров бөтөлкөдөгү сууну экспорттоо иштерин күчөтүү менен потенциалдуу инвесторлорду/өндүрүшчүлөрдү республиканын аймагына тартуу аркылуу өз бренди менен өндүрүш ачуу жана андан ары чет өлкөлүктөргө жеткирүү зарыл экендигин айтты.

“Суу маанилүү ресурс, бул багытта дагы инвестиция тартуу керек. Биз бөтөлкөдөгү суу чыгарган ири эл аралык компаниялардын франшизасын сатып алууга даярбыз жана алар менен биргелешкен ишкана түзүү, жергиликтүү ишкерлерди окутуу жана чет элдик компаниялардын жардамы менен эл аралык рынокко чыгууга жол ачылат”, – деди ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат