Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек

Кыргыз-өзбек автоунаа заводу 6 жылда 30 миң автоунаа чыгарыш керек

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосунда КРда автоунаа жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул макулдашууга КРнын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудретов кол коюшту.

Макулдашуунун алкагында долбоор үч этап менен ишке ашат:

  • 1-этап – КРнын жарандарына 500 жаңы жумушчу орундарын түзүү менен 10 миң бирдикке чейинки автотранспорттук каражаттарды SKD ыкмасы боюнча (ири масштабда жыйноо) өндүрүштү уюштуруу
  • 2-этап – КРнын жарандарынан 1000 жаңы жумушчу орундарын түзүү менен 20 миң даана автомобиль өндүрүшүн баштагандан кийин 4-5 жыл аралыгында автокомпоненттерди чыгаруу
  • 3-этап – КРнын жарандарынан 2 миң жаңы жумушчу орундарын түзүү менен 6-жылга жалпы 30 миң даана автомобилдердин CKD (чакан жыйноо) өндүрүшүн уюштуруу.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан автоунаа чыгарган биргелешкен завод курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Завод Чүй облусунун Ак-Суу айылында (Бишкек шаарынан 50 км) курулат. Ал жерде автоунаанын 19 түрү чыгарылмакчы. Кыргыз тараптан өндүрүшкө эки компания «Нур» ААКсы жана «ДТ Техник» ЖЧКсы, өзбек тараптан «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы катышат.


Кыргызстанда Chevrolet жана Isuzu унаалары чыгарылат — баасы 13 миң доллардан башталат

КР менен Өзбекстан куруп жаткан автоунаа заводу 180 күндүн ичинде ишке кириш керек — минкаб

Жыл башынан бери Кыргызстанга 29 миң автоунаа импорттолгон — көбү Грузия, Корея жана Россиядан келген

Мындан тышкары окуңуз

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө