Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына ID-паспорт менен кирүүгө уруксат берген биринчи өлкө болду

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары жакында эки өлкөнүн чек арасынан ID-паспорт менен эле өтө алышат. Мындай макулдашуу 27-январда жарандардын сапарлары боюнча жаңыланган өз ара келишимге кол коюунун алкагында жетишилди.

Бул өзгөртүлгөн келишимге ылайык, Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга ID-карта менен кире алат жана Кыргызстандын жарандары да Өзбекстанга ID-карта менен кире аларын Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги билдирди.

Чек арадан өтүүнүн жаңы тартиби эки өлкөнүн ратификациялык процедураларынан өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул болжол менен эки айга созулат.

Жөнөкөйлөштүрүлгөн кирүү чек араны каалаган транспорт менен – ​​учактар, поезддер, жеңил унаалар, автобустар менен кесип өткөндө жарактуу болот.

«Буга чейин бир дагы чет мамлекет Өзбекстанга чек арадан ID-карта менен өтүү тартибин берген эмес, Кыргызстан биринчи өлкө», – деп билдирет Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги.

Белгилей кетсек, азырынча КР менен Өзбекстандын жарандары чек арадан эл аралык паспорт менен гана өтө алышат. Келечекте чек арадан өткөн жарандар тууралуу маалымат электрондук түрдө катталып, паспортко мөөр басуунун кереги жок болот.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин КРга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды