Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат

Кыргызстанда февраль айынан тарта пияз менен сарымсакты экспорттоого тыюу салынат

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги пияз менен сарымсакты республиканын чегинен тышкары алып чыгууга тыюу салууну сунуштоодо. Экспортко убактылуу тыюу салуу боюнча тиркемедеги тиешелүү өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салынган азыктардын тизмесине пияз, шалот, сарымсак сыяктуу жашылчаларды кошуу сунушталууда. Пиязды экспорттоого тыюу салуу чечими ал кабыл алынган күндөн тартып бир жумадан баштап күчүнө кирет жана 2023-жылдын 4-майына чейин созулат.

Долбоордун негиздемесине ылайык, пиязды экспорттоого тыюу салуу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын базар баасын турукташтыруу максатында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын пияздын кымбатташы жөнүндө расмий ырастоосунан кийин, ошондой эле Пакистандагы табигый кырсыктардан улам Казакстан пияздын экспортуна чектөө киргизгенден кийин иштелип чыккан.

Эске салсак, 2023-жылдын 17-январында Казакстан үч айга пиязды экспорттоого тыюу салуу чечимин кабыл алган. Бул чара пиязды Казакстандан массалык түрдө экспорттоого жол бербөө жана ага болгон бааны турукташтыруу максатында көрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө