Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга мамлекеттик кепилдик бербейт

Казакстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга мамлекеттик кепилдик бербейт

Казакстан менен Өзбекстан да катыша турган Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга кеткен чыгымдар үч өлкөгө тең бөлүштүрүлөт. Ошондой эле чет өлкөдөн да каражат тартылышы мүмкүн, деп билдирет “Казинформ”, Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматына таянып.

«Долбоорду эл аралык долбоордук каржылоо талаптарына ылайык ишке ашыруу пландаштырылууда, анын алкагында керектүү көлөмдө кредиттик каражаттар тартылат. Мындан тышкары, Казакстандын мамлекеттик кепилдиктерди берүүнү көздөбөйт», – деп айтылат Энергетика министрлигинин агенттикке берген расмий жообунда.

Ведомство кошумчалагандай, тараптар өкмөттөр аралык келишимге кол коюу маселеси боюнча иштеп жатышат. Ошондой эле долбоордун баасы жана негизги техникалык чечимдер азырынча аныктала элек. Бул үчүн техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгат.

«Казак тараптан Энергетика министрлиги жана «Самрук-Энерго» компаниясы долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги аткаруучулар катары аныкталды», – деп билдирди РК Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги «Казинформ» агенттигине берген жообунда.

Эске салсак, 6-январда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата ГЭС-1ди биргелешип куруу боюнча макулдашышкан. Ал Кыргызстандагы ири электр станциясына айланып, Борбор Азия өлкөлөрүн электр энергиясы менен камсыздап, аймакты суу менен камсыздоону турукташтырууга тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media