Кыргызстанда халал индустриясынын техникалык комитети түзүлөт

Кыргызстанда халал индустриясынын техникалык комитети түзүлөт

Кечээ, 30-январда Экономика жана коммерция министрлигинде Стандартташтыруу жана метрология борбору (СМБ) менен «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин “Халал индустриясынын техникалык комитетин түзүү” жөнүндө биргелешкен буйругуна кол коюлду.

Министрликтин берген маалыматына таянсак, буйрукка СМБ директору – Болот Нурматов жана Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору – Алмаз Кайырбеков кол коюшкан.

Стандартташтыруу боюнча Техникалык комитетин түзүүнүн максаты – адал индустриясын өнүктүрүү жана халал продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрүн стандартташтыруу боюнча иштерди уюштурууну жакшыртуу болуп саналат.

Техникалык комитеттин курамына кызыкдар мамлекеттик органдардын, бирикмелердин, ишканалардын өкүлдөрү жана халал индустриясы чөйрөсүндөгү адистер кирет.


СМБ – ыктыярдуу сертификация системасын жүргүзүү жана ишке ашыруу, продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү халал-контролдук (идентификациялык) белгилери менен маркировкалоону киргизүү жана маркировкалоону жүргүзгөн юридикалык жактарды каттоонун реестрин жүргүзүү боюнча республиканын аймагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

CMБ сертификациялоо боюнча орган халалды ыктыярдуу сертификациялоонун жол-жоболорун иштеп чыккан, ал өндүрүш шарттарына талаптарды, SMIIC эл аралык стандарттарына ылайык сертификаттоо иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин жана жол-жоболорун белгилейт, анын негизинде КМДБ менен биргелешкен күбөлүктөр берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы