Министрлер кабинетинин «Кумтөрдөгү» алтынды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар

Министрлер кабинетинин «Кумтөрдөгү» алтынды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар

Министрлер кабинети жана Улуттук банк мыйзамдарга ылайык, КРнын аймагында өндүрүлгөн баалуу металлдарды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.

Кечээ, 30-январда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров, Арсланбек Малиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү иш сапары менен Улуттук банктын алтын сактоочу жайына барышкан.

“Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев келген конокторго жөнгө салуучу тарабынан алтын менен жүргүзүлүп жаткан операциялар тууралуу маалымдады. Өз сөзүндө төрага, министрлер кабинети жана Улуттук банк мыйзамдарга ылайык, КРнын аймагында өндүрүлгөн баалуу металлдарды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар экендигин белгилеп, азыркы тапта Улуттук банк өлкөдө өндүрүлгөн алтынды үзгүлтүксүз сатып алып турарын билдирди”, – деп айтылат маалыматта.

Улуттук банктын адистери депутаттык комиссияга Улуттук банктын карамагындагы алтын тууралуу презентация сунуштап, алтын кандай жол менен алынат, кантип сатылат жана кандай шарттарда сактала тургандыгы тууралуу кеңири маалымдап, берилген суроолоруна жооп беришти.


Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 494-VII токтому менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАКта алтындын казып алынышын жана сатылышын, КРнын менчигине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.


Бир грамм алтын кереги жок — президент бир тууган агасынын алтын куймаларын кармап түшкөн сүрөтүнө ачыктама берди

«Кумтөр» бул жылы 14 тонна алтын чыгарууну пландап жатат

Алтындын басымдуу бөлүгү өткөн жылы Түркияга сатылган

2022-жылы «Кумтөрдөн» 17 тонна алтын алдык — Акылбек Жапаров

Мындан тышкары окуңуз

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам