Минкаб энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компанияларга «коңгуроо какты»

Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компанияларга министрлер кабинети алардын ишке өтүү мөөнөтү тууралуу кулак кагыш кылганын минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышкан минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге энергетикалык компанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компаниялар эгерде узак мөөнөткө чейин иш баштабаса, министрликке алардын маселесин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.


  • 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн 2023-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычынын көлөмүн 8.6 млрд м³ суу менен камсыздоо пландалууда.
  • Быйыл 2.2 млрд кВт/с чейин электр энергиясын импорттоо каралган.
  • Жалпы республика боюнча көмүрдүн керектөөсү – 2 996.6 миң тонна, күйүүчү мазуттуку – 48.5 миң тонна.

Мамлекет электр энергиясын жеке ортомчуларсыз сатат

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан

Энергосистема керектөөлөргө туруштук бере албай жатат — маал-маалы менен свет өчөт

Токтогулда күн сайын суунун деңгээли 60 млн куб метрге төмөндөөдө — энергосистема болгон кубаттуулукта иштеп жатат

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат