Ош - Баткен - Раззаков жолунунун реконструкциялоо иши жазында башталат

Ноокат районундагы Ош – Баткен – Раззаков жолунунун реконструкциялоо иши жаз айларында башталат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жол тармагындагы тиешелүү адистери менен жолугушуп, Ноокат районундагы Ош – Баткен – Раззаков жолунун 28 -75 чакырымындагы жолдун курулуш долбоорун ишке ашыруу алкагында пландар, сунуштар, көйгөйлөрүн талкуулаган.

“Негизинен куруу иштери этап-этабы менен жүрүшү маалымдалды, учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле министр стратегиялык мааниге ээ жолдун куруу иштери сапаттуу жана эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат