Банктар же акча алмаштыруу жайлары чектөөлөрдү белгилесе, Улуттук банкка кайрылуу зарыл

Банктар же акча алмаштыруу жайлары чектөөлөрдү белгилесе, Улуттук банкка кайрылуу зарыл

Эгерде банктар жана/же алмашуу бюролору чектөөлөрдү белгилесе же болбосо, таблодо белгиленген валюта курстан айырмаланган курс менен чет өлкө валютасын сатса, бул фактыны (видео же фото фиксация) белгилеп, Улуттук банкка кайрылууңуздарды суранабыз. Мындай билдирүүнү Улуттук банк берди.

Регулятор мындай учурда ар бир учур өзүнчө караларын жана мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталган учурда таасир этүү чаралары колдонуларын айтат.

“Азыркы учурда банктарда жана алмашуу бюролорунда жетиштүү көлөмдө накталай АКШ доллары бар, банктар жана алмашуу бюролору алмашуу операцияларын эч кандай чектөөсүз жүргүзүшөт”, – дейт өлкөнүн башкы банкы.

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлбөгөн курс боюнча сатууга жана сатып алууга тыюу салынат. Чет өлкө валютасы болгон учурда, валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууну Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам