Баткенге ыктыярдуу чогулган акчадан 188 млн сом калды

Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан жарандарга ыктыярдуу жардам катары 349 млн сом чогулган. Учурда андан 161 млн сом иштетилген. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын жүрүшүндө калкты колдоого келип түшкөн ыктыярдуу каражаттарды топтоо жана максаттуу бөлүштүрүү үчүн КР Финансы министрлигинин Борбордук казынасында жана «РСК Банк» «Айыл Банк» коммерциялык банктарында улуттук жана чет элдик валютада атайын эсептер ачылган.

“Жалпысынан 349 млн сом түшкөн. Бүгүнкү күндө атайын эсепте 188 млн сом калдык бар”, – дейт министрлик.

Белгилей кетсек, чыгымдарды президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жүргүзгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар