Россияга КРнын товарларын сатууга онлайн аянтча түзүлдү – Кыргызстандан жеткирүүчүлөрдү издешүүдө

Россияга КРнын товарларын сатууга онлайн аянтча түзүлдү – Кыргызстандан жеткирүүчүлөрдү издешүүдө

Кыргызстандагы релоканттар КМШдагы биринчи ыңгайлуу платформаны түзүштү, анда Кыргызстандык жеткирүүчүлөр россиялык компаниялар менен келишим түзүп, товарларын жөнөтө алышат. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына сайттын түзүүчүлөрү билдирди.

Алардын айтымында, орус рыногу азыр башка өлкөлөрдүн товарларына абдан муктаж болуп турат. Долбоордун максаты – россиялык компанияларга интернеттен КМШдан ишенимдүү жеткирүүчүлөрдү табууга жана алар менен жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жардам берүү болуп эсептелет.

«Сервистин ичинде эки тарап тең жеткирүүнүн бардык этаптарын – таңгактоодон баштап, бажылык тариздөөдөн өткөрүүгө чейин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Биз жеткирүүчүлөрдөн жана импорттоочулардан комиссия албайбыз, алар үчүн агрегаторду колдонуу бекер», – деп билдиришти иштеп чыгуучулар.

Каттоодон өткөндөн кийин кыргызстандык жеткирүүчү дүңүнөн жеткирүү үчүн потенциалдуу кардарлардын жүздөгөн арыздарына мүмкүнчүлүк алат. Эгерде эки тарап сунуштун шарттары жана реквизиттери боюнча макулдашса, алар келишим түзүп, өзүнчө кеңседе документтерин алмаштырышат. Ошондой эле ал жерде өз продукцияңызды жайгаштырып, аларга дүңүнөн буйрутмаларды ала турган ыңгайлуу маркетплейс бар.

«Биз Россиядагы потенциалдуу кардарлардын кеңири маалымат базасын чогулттук. Кыргызстандын өндүрүшчүлөрү жана импорттоочулары жаңы кардарларды тез таба алышат. Азыр биз долбоорду иштеп чыгуу үчүн ишенимдүү камсыздоочуларды издөөнүн активдүү стадиясында турабыз, ошондуктан биз өз кызматыбызды бекер колдонууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз, ошондой эле агрегатордун мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүү жана жаңы деңгээлге чыгууга жана дүңүнөн соода кылууга жеке жардам беребиз», – дешет алар.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада сыноодон өтүп жаткан Higer үлгүсүндөгү электробусту текшерип көрдү. “Бүгүнкү күндө биз төрт компаниянын Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong өндүрүшүнөн чыккан электробустарды сынап жатабыз. Бизге узундугу 8 жана 8,7

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу расмий башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жана башка расмий коноктор катышты. Маалыматка ылайык, мектеп заманбап окуу кабинеттер, лабораториялар, спорт зал, ашкана жана бассейн менен камсыздалат. Билим берүү

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

20-майда видеоконференция форматында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынында 20 маселе каралып, бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында спорттук тамактанууну милдеттүү маркалоо боюнча товарлардын тизмеси бекитилип, стерилдүү продукцияны өндүрүүгө коюлган талаптар күчөтүлдү. Ошондой эле ЕАЭБге импорттолгон товарларды көзөмөлдөө механизми жана баалуу

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү