Салык кызматы январь айында 17.8 млрд сом салык чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь айында 17 млрд 854.2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 883.3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4.2 млрд сомго көп жыйналган.

“Анын ичинде 13 млрд 204.7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 193.8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 2.9 млрд сомго көп”, – деп айтылат маалыматта.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 4 млрд 649.5 млн сомду түздү. Белгиленген пландан 689.5 млн сомго көп жыйналды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1.3 млрд сомго көп.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынды

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар