Өткөн жылы товарларды маркалоого дээрлик 400 млн код берилди

Өткөн жылы товарларды маркалоого дээрлик 400 млн код берилди

2022-жылы “Товарларды маркалоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоонун 297.4 млн коду берилген.

Салык кызматынын маалыматына таянсак, анын ичинен тамеки продукциясы үчүн 261.4 млн код, алкоголдук продукция үчүн 35.9 млн код, текстиль продукциясы үчүн 103.3 миң код берилген.

70тен ашык товар өндүрүүчү жана импорттоочу “Товарларды маркалоо” системасында катталып, маркалоо коддорун алышат.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукциясына, 2023-жылдын 1-январынан тартып сыра продукциясына милдеттүү маркалоо киргизилген.

Товарларды маркалоонун максаты – товардын даярдоочудан акыркы керектөөчүгө чейинки жолуна толук байкоо жүргүзүү, ата мекендик бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калкты сапатсыз товарлардан коргоо, ошондой эле маркаланган товарларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз берүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы 624 автобус сатып алууну пландоодо

"Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада сыноодон өтүп жаткан Higer үлгүсүндөгү электробусту текшерип көрдү. “Бүгүнкү күндө биз төрт компаниянын Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong өндүрүшүнөн чыккан электробустарды сынап жатабыз. Бизге узундугу 8 жана 8,7

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткенде бассейни бар 1200 орундуу мектеп салынууда

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу расмий башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов, Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү жана башка расмий коноктор катышты. Маалыматка ылайык, мектеп заманбап окуу кабинеттер, лабораториялар, спорт зал, ашкана жана бассейн менен камсыздалат. Билим берүү

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

Кыргызстан сунуштаган тарифтик жеңилдик ЕАЭБде колдоо тапты

20-майда видеоконференция форматында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынында 20 маселе каралып, бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында спорттук тамактанууну милдеттүү маркалоо боюнча товарлардын тизмеси бекитилип, стерилдүү продукцияны өндүрүүгө коюлган талаптар күчөтүлдү. Ошондой эле ЕАЭБге импорттолгон товарларды көзөмөлдөө механизми жана баалуу

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү пландоодо

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын иш-чараларынын алкагында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо, мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү