Кыргызстан БАЭ менен чогуу түзө турган холдингдин уставдык капиталына 2.5 млн доллар берет

Бүгүн, 6-февралда ушул сааттарда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Экономика министри Данияр Амангелдиев уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компанияны түзүү боюнча комитетте баяндама жасап жатат.

Мыйзам долбоорун ратификациялоого уруксат берүүнү суранган министр компаниянын максаты – бизнес долбоорлорду каржылоо үчүн холдинг компанияны түзүү экенин белгиледи.

“Компаниянын уставдык капиталы 100 млн долларды түзөт, эки тарап тең 50%дан үлүшкө ээ болушат, ошого жараша 50 млн уставдык капиталына төлөм жүргүзүлөт. Компанияны түзүү үчүн кыргыз тарап 2.5 млн АКШ доллары суммасында уставдык капиталды төлөйт”, – деди Амангелдиев.

Ошондой эле ал директорлор кеңешине кыргыз тараптан 2 киши, Абу-Даби Өнүктүрүү фондунан 3 киши болорун кошумчалады.


Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон сапарында (БАЭ) президент шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен Кыргызстанда Биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан.


Уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компания түзүүгө кол коюлду

КР менен БАЭнин ортосунда капиталы 100 млн долларга жеткен инвестициялык фонд түзүлөт

Финансы министрлиги сырттан келген инвестицияларга кепилдик берет, бирок кантип? – комитеттеги талкуу

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады