Улуттук банк соцтармактар аркылуу банктын атынан келген билдирүүлөр жалган экенин эскертет

Улуттук банк соцтармактар жана мессенджерлер аркылуу “Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп жатат, анын жыйынтыгында каалагандар 20 миң сом өлчөмүндө сыйлык ала алат” – деген, жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар активдешкенин билдирет.

Улуттук банк белгисиз сайттарга шилтеме берүү менен билдирүүлөрдү жайылтуу аркылуу утушка ээ болуучу эч кандай сурамжылоо жүргүзгөн эмес жана жүргүзбөй тургандыгын белгиледи.

“Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты сиздин жеке маалыматтарыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар”, – дейт регулятор.

Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз. Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз”, – дейт регулятор.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто 6 млн сомду мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы аныкталды

Фермерлерге берилип жаткан насыянын калган пайызын мамлекет төлөп жатат

Кыргызстанда инвестициялар 62,9%га өсүп, 422,9 млрд сомго жетти

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады