Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Т. Кулатов атындагы борбордук стадион заманбап талаптарга ылайык реконструкцияланууда. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 350 млн сом каралган.
Долбоорго ылайык, жаңыланган стадион 5 400 көрүүчүгө ылайыкталат. Мындан тышкары, көрүүчүлөр үчүн VIP-зоналар, заманбап фитнес-зал жана спортчуларга, шаар тургундарына керектүү шарттар түзүлөт.
Курулуш иштери аяктагандан кийин стадион шаардагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана ири спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу