Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

Бишкектеги Аламүдүн базарынын аймагында лицензиясыз жүргүнчү ташыган такси айдоочуларын аныктоо максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 18-ноябрда "Бишкек автобекет" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан уюштурулду.

Рейддин жүрүшүндө мыйзам талаптарын бузган айдоочуларга протоколдор түзүлүп, тиешелүү айып пулдар салынды.

Ошондой эле автобекеттин аймагында мыйзамсыз токтоп, жүргүнчүлөргө жана жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аларга Чыгыш автобекетинде такси унаалары үчүн атайын унаа токтотуучу жай каралгандыгы жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнү айтылды. Айдоочуларга унааларын белгиленген жайга токтотуп, жүргүнчүлөрдү ошол жерде гана түшүрүп-салуу сунушталды.

Муниципалдык ишкананын маалыматына ылайык, мындай рейддер автобекеттин аймагында тартипти камсыз кылуу, жол тыгындарынын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында мындан ары да улантылат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү