Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Кыргызстанда 2021–2026-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жалпы суммасы 7 млрд сомдук 652 даана автотранспорт жана атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылы эле министрликке 116 даана атайын техника берилген.

Мындан тышкары, милициянын ишин санариптештирүү жана материалдык-техникалык базасын жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. Кызматкерлерди боди-камералар жана планшеттер менен камсыздоо жарандардын чакырууларына жооп берүү убактысын 1–3 сааттан 10 мүнөткө чейин кыскартууга мүмкүндүк берген.

"Ички иштер органдарынын автопаркы 95 %га жаңыланды, кызматкерлер формалуу кийим-кече менен толук камсыз болду. Республика боюнча 10 миңден ашык видеобайкоо камерасы орнотулуп, кырдаалдык борборлор жана ИИМдин заманбап Санариптик эксперттик борбору түзүлдү. Жолдордогу санариптик көзөмөлдүн күчөтүлүшү кырсыктарды дээрлик 40 %га азайтууга мүмкүндүк берди", — деди Адылбек Касымалиев.

Ошондой эле өлкө боюнча милициянын 60 көчмө пункту иштей баштаган. ДНК, дактилоскопиялык, баллистикалык жана кол жазма экспертизаларын жүргүзүүчү заманбап лабораториялар түзүлгөн.

Сот тутумунда да жаңылануулар жүрүп жатканы белгиленди. 2025-жылы 2 сот имараты пайдаланууга берилсе, учурда дагы 16 объекттин курулушу жүрүүдө. Электрондук билдирүү тутуму өлкөдөгү 64 соттун баарында 100 %га киргизилген.

Юстиция тармагында "Электрондук нотариат" тиркемеси аркылуу тогуз айда 1,8 миллиондон ашык аракет жүргүзүлгөн. Ал эми "Пробация" тутуму 11 мамлекеттик органдын маалымат базалары менен интеграцияланган.

Мындан тышкары, Каракол шаарында 200 орундуу №23 тергөө абагы пайдаланууга берилген. Түзөтүү мекемелеринде 10 жаңы өндүрүштүк цех жана устакана ишке киргизилген.

Тергөө абактарын шаарлардын сыртына чыгаруу иштери да уланууда. Жыл аягына чейин Чүй облусундагы №21 жана Ош облусундагы №25 тергөө абактарын ишке киргизүү пландалган.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо маселесине токтолгон МинКаб башчысы 2026-жылы аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө 1 604 батир берилгенин билдирди.

"Жакынкы аралыкта дагы 1 786 батир берилет, ал эми Баткен облусунун Бужум айылында 60 батирлүү үй курулууда. Эң башкысы - өлкөбүздө ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн", - деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы

Өлкөдө 10 айда курулуш тармагы 61,5 %га өстү