2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн
2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 1950-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова Антальядагы (Түркия) климаттык конференцияда (COP31) айтканын Жаратылыш министрлигинен билдирди.
Анда "Борбор Азиядагы критикалык инфраструктуранын климаттык туруктуулугу боюнча кызматташтык" (RECCIS-CA) аттуу аймактык демилгеге арналган жогорку деңгээлдеги иш-чара болуп өттү.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ), Дүйнөлүк банктын, Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү, ошондой эле башка эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Асель Раимкулова климаттын өзгөрүшү аймактагы мамлекеттердин экономикалык туруктуулугуна жана коопсуздугуна таасир эткен негизги факторлордун бирине айланып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Борбор Азияда абанын температурасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчкө салыштырмалуу дээрлик эки эсе ылдам жогорулап жатат. Ал эми кургакчылык, сел, жер көчкү, бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетиши жана аптаптуу ысык жыл сайын аймакка олуттуу экономикалык зыян келтирүүдө.
Мындан тышкары, 2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 1950-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасы RECCIS-CA демилгесин колдой турганын билдирип, аны Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, тиешелүү мамлекеттик органдардын аракеттерин бириктирүү жана климаттык тобокелдиктер боюнча бирдиктүү түшүнүктү калыптандыруу үчүн маанилүү аянтча катары баалады.
Бул келечекте аймактык диалогдон конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууга жана инвестицияларды тартууга өтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.