Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого тыюуну алып салууну сунуштады

Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого тыюуну алып салууну сунуштады

КРнын Айыл чарба министрлиги 31-январдан тарта пияз, сарымсак жана пияз өсүмдүктөрүн Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгарууга киргизилген тыюуну алып салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Министрлик өлкөдө ички рыноктогу суроо-талапты канааттандыра турган пияз жетиштүү экенин белгиледи.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын пиязга болгон муктаждыгы айына 6 миң тоннаны түзөт. Учурда дыйкандардын колунда 50 миң тонна кампа бар, бул өз кезегинде бул көлөм калктын 2-2.5 айга керектөөсүн жабат дегенди билдирет.

Ошондой эле Айыл чарба министрлиги өлкөдөгү азык-түлүктүн запасы 90 күндөн кем болбошу керектигин эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Түнкү автобустарды жүргүзүү пландалууда

Түнкү автобустарды жүргүзүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкекте түнкү автобустарды жүргүзүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу мэр “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. А.Жунушалиевдин айтымына караганда, долбоор учурда коомдук талкууга чыккан. “Эгер бул ишке аша турган болсо, автобус сутка бою жүрөт. Ал эми жол киренин баасы болжолдуу

Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Каракол шаарында жумуш издеген жарандар үчүн бош орундар жарманкеси уюштурулуп, ага шаардагы жана облус аймагындагы иш берүүчү мекеме-ишканалар, кесиптик техникалык окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттер жана жумуш издеп жүргөн жарандар активдүү катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, жарманкенин негизги максаты ­­­–  жарандарды туруктуу жумуш орундары менен камсыз

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

25-май күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. “Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына ылайык, суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине берилбей калат. Өчүрүү аймагы Жунусалиев көчөсү, Гагарин көчөсү, Абдраимов көчөсү, Балтагулов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Сухомлинов, Руставели

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана ветеринардык көзөмөл