Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды

Бишкекте кургак учукка каршы жаңы оорукана ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Оорукана эл аралык жана улуттук инфекциялык көзөмөлдүн талаптарына ылайык курулган, ар бир бөлүмдүн кире бериштери атайын “чиптер” менен жабдылып, оорукананын ичинде “таза аймак” каралган.

Министрликтин билдиришинче, ал УЗИ, ЭКГ, рентген жана флюроаппараттар, биологиялык, кан жана ИФА анализаторлору, термостат, дистиллятор сыяктуу керектүү медициналык аппаратуралар менен камсыздалган.

Вентиляция системасы медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздап, кирип-чыгуучу абаны тазалоо үчүн атайын фильтрлер орнотулган. Жалпы канализацияга кирген суу жергиликтүү септик системасы аркылуу зыянсыздандырыл ат жана залалсыздандырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана ветеринардык көзөмөл

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кызыл-Кыя” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 22-майында фитосанитардык көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлдү.  Министрликтин маалыматына караганда, Өзбекстан Республикасынан ташылып келинген жалпы салмагы 24,7 тонна пияз текшерүүгө

Дары-дармек бааларын жөнгө салуу, сапатын көзөмөлдөө мүмкүн болуп калды

Дары-дармек бааларын жөнгө салуу, сапатын көзөмөлдөө мүмкүн болуп калды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бааларды жөнгө салуу жана препараттардын баалары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу механизмдери аркылуу калк үчүн сапаттуу, коопсуз жана натыйжалуу дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди улантып жатканын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген препараттардын баалары мамлекет тарабынан жөнгө салынат. Бирок айрым категориядагы

Кыргызстанда пияз, эт жана жумуртка кымбаттады

Кыргызстанда пияз, эт жана жумуртка кымбаттады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстан, Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү. Ведомствонун маалыматына ылайык, 20-майга карата жүргүзүлгөн анализге ылайык, Кыргызстанда баш пияз 2,3%, уй эти 1,3%, кой эти 1,1%, жумуртка 0,8% жана айрым ун менен макарон азыктары кымбаттаганы