ЕАЭБде азык-түлүктүн баасы эң көп Кыргызстан менен Казакстанда кымбаттады

ЕАЭБде азык-түлүктүн баасы эң көп Кыргызстан менен Казакстанда кымбаттады

2023-жылдын башында баалардын эң жогорку өсүшү Казакстан менен Кыргызстанда катталган. Январь айынын жыйынтыгын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Казакстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баалар 20.7%га өскөн. Кыргызстанда баа 15.3%га кымбаттады.

Белоруссияда баалар 12%га, Россияда 11.8%га өскөн. Эң жай өсүү Арменияда – 8.1% байкалган.

Категориялар боюнча карай турган болсок, анда отчеттук мезгилде Кыргызстанда товарлар 17.6%га, ал эми азык-түлүк эмес товарлар 14.1%га кымбаттаган. Ал эми Казакстанда болсо тиешелүүлүгүнө жараша 25.7% жана 20.2%га кымбаттаган.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Караколдо бош орундар жарманкеси өттү

Каракол шаарында жумуш издеген жарандар үчүн бош орундар жарманкеси уюштурулуп, ага шаардагы жана облус аймагындагы иш берүүчү мекеме-ишканалар, кесиптик техникалык окуу жайлардын өкүлдөрү, студенттер жана жумуш издеп жүргөн жарандар активдүү катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, жарманкенин негизги максаты ­­­–  жарандарды туруктуу жумуш орундары менен камсыз

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 25-майда суу өчүрүлөт

25-май күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. “Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына ылайык, суу турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине берилбей калат. Өчүрүү аймагы Жунусалиев көчөсү, Гагарин көчөсү, Абдраимов көчөсү, Балтагулов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Сухомлинов, Руставели

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Кыргызстан менен WOAH кызматташтыкты чыңдоону талкуулады

Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) Делегаттарынын Ассамблеясынын 93-Башкы сессиясынын алкагында Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран менен жолугушту. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар ветеринария тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө, эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана ветеринардык көзөмөл

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кызыл-Кыя” фитосанитардык текшерүү постунда 2026-жылдын 22-майында фитосанитардык көзөмөл иш-чаралары жүргүзүлдү.  Министрликтин маалыматына караганда, Өзбекстан Республикасынан ташылып келинген жалпы салмагы 24,7 тонна пияз текшерүүгө