Таласта таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Талас облусунда таштандыларды кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Ишкана таштандыдан жасалган продукцияларды мэрияга жеткирип берген. Бул тууралуу 24-февралда «Альянс Алтын» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Таласта өткөн жайда таштандыларды кайра иштетүүчү “Эко Монтис” ишканасынын курулушу башталган. «Альянс Алтын» компаниясы каржылык колдоо катары үстөксүз негизде 6 млн сом бөлгөн.

Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдун айтымында, «Таза суу» муниципалдык ишканасына кайра иштетилген таштандыдан жасалган 50 желим капкак, 400 чөйчөк, 300 кийим илгич берилди.

Шаар башчысы «Альянс Алтын» ишканасына кант, кыш заводдору жана тигүү цехтерине каржылык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бүгүнкү күндө ишканалар жергиликтүү социалдык мекемелерге жардам көрсөтүп, ийгиликтүү иштеп жатат.

Таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана өзү Таластын сыртында, Калбин айыл аймагынын аймагында жайгашкан. Ишкана айына 200 тоннага чейин таштандыны кайра иштете алат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыяда 5 400 орундуу стадион реконструкцияланууда

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды