Баткендеги жетекчилерге 4 жаңы Chevrolet Captiva тапшырылды - ар бири 29 миң доллар турат

Баткендеги жетекчилерге 4 жаңы Chevrolet Captiva тапшырылды - ар бири 29 миң доллар турат

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Кызматтык унаалар Баткен облусунун Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаар башчыларына берилди.  

“Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Ошондой эле кызматтык унааларга GPS системасы орнотулду, көзөмөлдө болот. Өзгөчө статусу болгон Кадамжай району, Сүлүктү, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарлары үчүн унааларды өзүм тапшырып жатам, ал эми башка аймактардагы жетекчилерге дагы берилүүдө. Күлүгүңүздөр кут болсун!” – деди Жапаров.  

Эске салсак, район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган.  

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кызматтык унаалар республика боюнча жаңыланып жатканын билдирди.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Польша миграция боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде кыргыз-поляк миграция тармагындагы кызматташтык маселелери боюнча жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууга министрдин орун басары М. Байгончоков жана Польша Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары В. Зайончковский катышты. Тараптар миграция тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүү келечегин талкуулап, өз ара кызыкчылык

Ысык-Көлдө жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды

Ысык-Көлдө жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү маселелери талкууланды

Ысык-Көл облусунда жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча жолугушуу болуп өттү. Анда Германия, Швейцария жана Европа Биримдигинин элчилери Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө регионду өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Анда жашыл экономика, туруктуу туризм, экологиялык

Караколдо 5 млн долларлык эл аралык мейманкана комплекси курулат

Караколдо 5 млн долларлык эл аралык мейманкана комплекси курулат

Бүгүн Каракол шаарында “Relax-Inn” эл аралык инновациялык мейманкана комплексин куруу боюнча үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинен билдиришти. Долбоор Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруучу компаниясы” мамлекеттик ишканасы жана “Кедра” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылат. Маалыматка ылайык, мейманкана комплекси заманбап санариптик жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар

Ошто жасалма VIN-код менен атайын техника сатуу схемасы аныкталды

Ошто жасалма VIN-код менен атайын техника сатуу схемасы аныкталды

Ош облусунда идентификациялык маалыматтары өзгөртүлгөн атайын техникаларды мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чет өлкөдөн алып келинген атайын техникалардын заводдук тактайчалары, VIN-номерлери жана башка идентификациялык белгилери алмаштырылып, чыгарылган жылы жашырылган. Натыйжада алар жаңы техника катары кымбат баада сатылып келген. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө бул