Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы
20–21-ноябрь күндөрү борбор калаанын таштандыларды массалык түрдө чыгаруу иш-чарасы уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлап, шаар тургундарын топтолуп калган таштандыларды чыгарууга чакырды.
Маалыматта жарандар бул күндөрү үйүндө топтолуп калган таштандыларды, керексиз буюмдарды жана тиричиликте колдонулбай калган ар кандай калдыктарды сыртка чыгара алышары айтылат.
Баш калаанын жашоочулары ар кандай керексиз калдыктарды таштанды контейнерлери жайгашкан аянтчаларга алып чыгып коюшу зарыл. Ал эми чогулган таштандыларды "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен чыгарып кетишет.
Калаа бийлиги бул иш-чара бир жолу өткөрүлүп, шаар тургундарына топтолуп калган ири көлөмдөгү жана тиричилик калдыктарынан арылууга мүмкүнчүлүк түзүрөнүн белгилейт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу