Ошто лицензиясыз «Ош сила» лотереясынын ишмердиги токтотулду

Ошто лицензиясыз «Ош сила» лотереясынын ишмердиги токтотулду

Ошто жана Ош облусунда лицензиясын албай туруп «Ош сила» аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштурулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалымат боюнча, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, К.у.К. жана Б.М.А. аттуу жарандар «Лотереялар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу менен Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында тиешелүү «Ош сила» аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштурушкан.

«Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүмү (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) менен кылмыш иши козголгон», – деп белгиледи УКМК.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдарга Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу буйрук берилгендигин, бирок белгиленген көрсөтмөлөрдү эске албай, лотереяны уюштурууну уланткан.

Өз кезегинде К.у.К. жана Б.М.А. лотереяга катышуу үчүн билеттерди саткан жана ал үчүн М-Банк тиркемеси аркылуу төлөм алган, ал эми лотереянын жүрүшү YouTube каналы аркылуу көрсөтүлгөн.

Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда, лотерея ойноочу унаалардан лотерея барабандары, лотерея билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган. Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media