Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү 15 документке кол коюшту

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү 15 документке кол коюшту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту: 

  • Өзбекстандын президентинин КРна мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен практикалык иш-чаралардын планы («Жол картасы») (2023-жылдын 26-27-январы, Бишкек ш.); 
  • Ташкент шаарында Made in Kyrgyzstan жана Бишкек шаарында Made in Uzbekistan дүң жана чекене соода жүгүртүү боюнча соода борборлорун (соода үйлөрүн) түзүү жөнүндөгү «Жол картасы»;   
  • Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү боюнча «Жол картасы»;  
  • «ДТ Техник» жоопкерчилиги чектелген коому (КР), «НУР» ачык акционердик коому (КР) жана «Узавтосаноат» акционердик коому (Өзбекстан) ортосунда КРда автомобиль жана коммерциялык транспорт каражаттарын өндүрүүнү (SKD) уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;   
  • «ДАСТАН» Трансулуттук корпорациясы» (КР) ачык акционердик коому менен «Тошэлектроаппарат» (TOSHELECTROAPPARAT) ачык акционердик коомунун ортосунда акылдуу эсептегичтерди даярдоо, чогултуу жана чыгаруу боюнча кызматташуу жөнүндө келишим; 
  • КРнын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы менен «Узкимеимпекс» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы көмүрдү жеткирүү (экспорт) боюнча $10 млн өлчөмүндөгү келишим;  
  • «Бишкек машина куруу заводу» ААК менен «ЧирчикМашАгро» ЖчК (ChirchiqMashAgro) ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу;  
  • Айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча өзбек-кыргыз жумушчу тобунун биринчи отурумунун протоколу;  
  • КР Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти менен Өзбекстан «Агросервис оператору» мамлекеттик унитарлык ишканасынын ортосунда жашылча жана мөмө-жемиш тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;  
  • КР Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаменти менен Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча комитетинин алдындагы Балык чарба илим-изилдөө институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;  
  • КР Айыл чарба министрлигине караштуу Органикалык айыл чарба департаменти менен Өзбекстандын Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча агенттигинин Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо илимий-изилдөө институтунун ортосунда органикалык айыл чарба тармагында кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; 
  • Ак-Моюн айыл өкмөтү, Кара-Моюн айыл өкмөтү, Эмгек-Талаа айыл өкмөтү, Сары-Ой айыл өкмөтү, Учкун айыл өкмөтү, Ак-Кудук айыл өкмөтү жана Баетов айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы Baxodir Log`on Tekstil жоопкерчилиги чектелген коому менен (Өзбекстан) айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жерлерди өздөштүрүү үчүн ($8 млн);  
  • Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясы менен Baxodir Log`on Tekstil жоопкерчилиги чектелген коомунун (Өзбекстан) ортосундагы биргелешкен топоз өстүрүү (багуу) жөнүндө меморандум;  
  • Vision Group жоопкерчилиги чектелген коому (КР) менен Mega Farm Service жоопкерчилиги чектелген коомунун (Ташкент, Өзбекстан) ортосунда КР биргелешкен фармацевтикалык өндүрүштү түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум ($10 млн келишим);  
  • Halmion Prom жоопкерчилиги чектелген коому (КР) менен Child Toys Corporation жоопкерчилиги чектелген коомунун (Ташкент шаары, Өзбекстан) ортосунда КР эмеректерди жана желим куурларды, пластмасса буюмдарын чыгаруу боюнча биргелешкен заводду түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум ($3 млн келишим);   
  • Тооке ЖТ жоопкерчилиги чектелген коому (КР Баткен облусу) менен SAYQAL соода-өндүрүштүк ишканасынын (Өзбекстанлын Фергана облусу) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум ($500 миң келишим).

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media