«Нарын» ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана курулат - баасы $321 млн болот

«Нарын» ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана курулат - баасы $321 млн болот

Баш калаанын борборундагы бузулган «Нарын» ресторанынын ордуна курулуш башталды. Долбоор $321 млн бааланып жатат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, президент Садыр Жапаров беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, соода жана турак жай аянттарын камтыган көп тармактуу заманбап комплекстин курулушуна капсула салды. 

Президент белгилегендей, мамлекеттик саясат — инвесторлордун каалаган тармакта ийгиликтүү иш алып барышына жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат, аларга ар тараптан жеңилдиктер бар — мисалга, мамлекет жер участокторун бекер берүүгө, бажы алымдарынан жана салык төлөөдө жеңилдиктерди берүүгө даяр. 

«Эң башкысы бизде туруктуулук орноду, жарандарыбыз өлкөдө туруктуулук болмоюнча алга жылуу болбостугун абдан жакшы түшүнүп калышты», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров. 

 Көп тармактуу комплекстин долбоору эл аралык стандарттарга жооп берген 296 номери бар заманбап беш жылдыздуу мейманкананы камтыйт. 

Ошондой эле 444 батирлүү турак жайлардын, соода аянттарынын жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы унаа токтотуучу жайлардын салынышы ойлонуштурулган.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи