700 ашык кыргызстандыктар Японияда иштөө үчүн окуудан өтүштү

700 ашык кыргызстандыктар Японияда иштөө үчүн окуудан өтүштү

700дөн ашык кыргызстандыктар Японияда иштөө үчүн окуудан өтүштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки мырза менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, министрлик эл аралык эмгек рыногун диверсификациялоого багытталган чараларды көрүп жатат. Ведомство аркылуу жарандар Түштүк Кореяга, Улуу Британияга, Перс булуңундагы өлкөлөргө барып иштей алышат.

«Учурда Кыргызстандын 700дөн ашык жараны Японияда иштөө үчүн окуудан өтүштү, биз сиздер менен Японияда жарандарыбыздын ишке орношуусуна шарт түзүүгө салым кошууну көздөп жатабыз. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Эмгектин ордуна азык-түлүк» долбоорун да колдооңузга үмүттөнөбүз», – деп билдирди Базарбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда

Түндүк айланма жолдун жалпы узундугу – 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алмата – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда. Бул туралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн каралган. Анын 11и жаңы курулуп, экөөсү капиталдык

Социалдык контракт аркылуу 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн

Социалдык контракт аркылуу 57 миңден ашуун жумуш орду түзүлгөн

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык жардам алуу толугу менен ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырыларын маалымдайт. Социалдык контракт - бул жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнүн ортосунда түзүлгөн келишим. Программанын алкагында мамлекет жеке ишкердикти ачуу жана өнүктүрүү үчүн 150 миң сом

Кыргызстандын сүт азыктарынын экспорттук көлөмү көбөйдү

Кыргызстандын сүт азыктарынын экспорттук көлөмү көбөйдү

2026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандан сүт азыктарынын экспорту 11 799 тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба мнистрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1 688,2 тоннага көп. Өсүш болжол менен 16,7% болду. Экспорттун өсүшүнө айрым сүт азыктарына болгон суроо-талаптын көбөйүшү негизги

А.Касымалиев, Бишкектеги жана Чүй, Ысык-Көл облустарындагы объектилерди кыдырат

А.Касымалиев, Бишкектеги жана Чүй, Ысык-Көл облустарындагы объектилерди кыдырат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Президенттин Администрациясынын Ситуациялык борборунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн аймактарындагы актуалдуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана социалдык-экономикалык абал менен кеңири таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти. Ситуациялык борбордун санариптик инструменттери