Минкабдын пландарынын ичине жип ийрүүчү фабриканын куруусу кирет

Минкабдын пландарынын ичине жип ийрүүчү фабриканын куруусу кирет

Министрлер кабинетинин пландарынын ичине жип ийрүүчү фабриканын курулушу кирет. Бул тууралуу өлкөдөгү жеңил өнөр жай ишканаларынын жетекчилери жана бул тармакка тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйынында министерлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ошондой эле «Кыргызстанда жасалган» деген брендди бекемдөө максатында, 2023-жылга минкаб продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ири кластердик өндүрүштөрдү ишке киргизүү, белгилүү бренддердин ичинен эл аралык инвесторлорду тартуу үчүн, Кыргызстандын аймагында алардын өндүрүшүн жайгаштыруу жана продукцияны сапатын текшерүү үчүн лабораторияны ишке киргизүү сыяктуу иштер аткарылаары пландалган.

Мындан тышкары окуңуз

Шайлоо эрежесин өзгөртүү демилгеленди

Шайлоо эрежесин өзгөртүү демилгеленди

Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Анда талапкерлерге коюлган талаптарды күчөтүү жана шайлоо процессин санариптештирүү каралган. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Жаңы сунуштарга ылайык, талапкерлер шайлоого катышуу ниетин билдирүүдөн мурда шайлоо фондун түзүп, күрөө төлөшү керек болот. Документтер толук болбосо, арыз кабыл алынбайт. Ошондой эле талапкерлерди колдоо

УКМКнын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков тергөө абагынан бошотулду

УКМКнын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков тергөө абагынан бошотулду

УКМКнын мурдагы орун басары Тимур Шабджанбеков тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, Шабданбеков райондук соттун чечими менен 29-апрелде боштоондукка чыккан. Тимур Шабданбековго карата “Кызматтык абалынан кызнаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылып камакка алынган. Эске салсак, буга чейин бир катар УКМКнын кызматкерлери коррупцияга айыпталып,

Базар-Коргон - Арстанбап жолуна асфальт төшөлөт

Базар-Коргон - Арстанбап жолуна асфальт төшөлөт

Базар-Коргон - Арстанбап унаа жолунун 23-33-чакырым аралыгында асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган тилкеде жолду калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда. Эски асфальт катмарын сыйруу иштери толугу менен аяктап, азыркы тапта жолдун негизин даярдоо үчүн шагыл төшөө

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда

Түндүк айланма жолдун жалпы узундугу – 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алмата – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда. Бул туралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн каралган. Анын 11и жаңы курулуп, экөөсү капиталдык