2022-жылы айыл чарбанын экспорту $451.3 млн түздү

2022-жылы айыл чарбанын экспорту $451.3 млн түздү

2022-жылдын жыйынтыгы менен, айыл чарбасынын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын январь-декабрь айларында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 29,4 % көбөйдү жана 131 млрд сом же $1.5 млрд түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги эскертти.

2022-жылдын январь-декабрында 38 млрд сомдук же $451.3 млн айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы экспорттолду, анын ичинде:

  • мал чарба продукциясы 8 млрд сомго же $95.4 млн экспорттолду, бул өткөн жылга салыштырмалуу сомдо 69.2%га көбөйдү.
  • өсүмдүк чарба продукциясын экспорттоодо 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырганда улуттук валютада 35.4%га өсүү байкалып, 13.6 млрд сомду түздү. АКШ долларында экспорт 35.7%га өсүп, $162 млн түздү.
  • тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу улуттук валютада 7.1% га өсүү менен 163 млрд сомду түздү. АКШ долларында экспорт 7.7%га өсүп, $193.7 млн түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media