2023-жылдын үч айдын ичинде консолидацияланган бюджеттин 119.7 млрд сомду түздү

2023-жылдын үч айдын ичинде консолидацияланган бюджеттин 119.7 млрд сомду түздү

2023-жылдын биринчи кварталы үчүн консолидацияланган бюджеттин ресурстары 119.7 млрд сомду түздү. 2022-жылы ушул мезгилге салыштырмалуу 28.8%га же 26.8 млрд сомго көбөйгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Консолидацияланган бюджеттик ресурстардын алкагында 2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 73.9 млрд сомду түздү же план 109.7%га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы кирешенин көлөмү 24.2%га же 14.4 млрд сомго көбөйгөн.

Салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 40 млрд сомдук салыктар жана төлөмдөр түшүрүлүп, пландык көрсөткүч 101.3%га аткарылган. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда салык кызматы тарабынан тескелген кирешелер 10%га же 3.7 млрд сомго көбөйгөн.

Бажы кызматы тарабынан 20.7 млрд сомдук бажы салыктары жана төлөмдөрү аткарылып, пландык көрсөткүч 105%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы кызматы тарабынан тескөө боюнча түшкөн кирешелер 6.5 млрд сомго же дээрлик 1.5 эсеге көбөйгөн.

2023-жылдын биринчи кварталында мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 12.1 млрд сомду же пландын 172.9%ын түздү. Өткөн жылдын тиешелүү деңгээлине карата салыктык эмес кирешелер 5 млрд сомго же дээрлик 1.7 эсеге көбөйгөн.

Каралып жаткан мезгил ичинде алынган расмий трансферттердин түшүүлөрү 1.6 млрд сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media
“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

“Ак-Жол” пунктунда товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Ак-Жол” товарларды эсепке алуу пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу тталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстандан Кыргызстандын аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды. Товарларды

Ишкер Media
“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

“Кызмат” мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Президенттин иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Азамат Жапаров иштен кетип, анын ордуна Нургазы Атканов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, буга чейин мекемени жетектеп келген Азамат Жапаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу директорлук кызматынан бошотулду жана “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору болуп

Ишкер Media
ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген. "Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456

Ишкер Media