Ош шаары Улуу Британиянын шаарлары өнөктөштүктү өнүктүрөт

Ош шаары Улуу Британиянын шаарлары өнөктөштүктү өнүктүрөт

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен Улуу Британиянын КРдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Жолугушууда тараптар ишкерлердин өз ара аракеттенүүсү, билим берүү системасын өнүктүрүү, ошондой эле аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Исаев эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү ниетинде Улуу Британиянын индустриалдык шаарларынын бири менен боордош шаар мамилелерин өнүктүрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Шарлотт Сурун белгилегендей, Кыргыз Республикасынын ишкерлери үчүн 85%га жакын продукцияны, анын ичинде айыл чарба продукциясын, текстиль, балды пошлинасыз экспорттоо үчүн шарттар түзүлгөн.

«Апрель айынын аягында Кыргызстандын текстиль жана айыл чарба ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн биринчи тобу Улуу Британияга барат. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлөт. Мекенине кайтып келгенден кийин алар өз тажрыйбалары менен бөлүшө алышат», — деп белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA