Бишкектин мэриясы чыгыш багытында каттаган таксилердин баарын Батыш автобекетинен Чыгыш автобекетине өткөрөт

Бишкектин мэриясы чыгыш багытында каттаган таксилердин баарын Батыш автобекетинен Чыгыш автобекетине өткөрөт

Борбор шаардын мэриясы чыгыш багытында каттаган шаарлар аралык жүргүнчү ташуучу таксилерди Батыш автобекетинен Чыгыш автовокзалына өткөрүүнү көздөөдө. Бул шаардагы коопсуздукту камсыздоо жана жол кыймылын иретке келтирүү жана Батыш автобекетинин айланасындагы башаламан токтоону жоюу максатында жасалып жатканын мэрия түшүндүрдү.

Ошентип, чыгыш багытында: Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кеминге ж.б. жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык такси каттамдары Чыгыш автобекетине өткөрүлөт. Батышка карай каттамдар Батыш автобекетинде кала берет. Бул Суусамыр, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткенге ж.б. каттамдар.

Батыш автобекетинин администрациясы Economist.kg басылмасына берген түшүндүрмөсүнө ылайык, транспорттук компанияга тиешеси жок жүргүнчүлөрдү ташыган таксилер гана которулат. Шаарлар аралык автобустардын жана маршруттук микроавтобустардын иштеп жаткан маршруттары Батыш автобекетинде кала берет.

Мэрия Батыш автобекетинде тартипти калыбына келтирүү иштери башталганын кабарлады: азыркы учурда бордюрлар орнотулууда, бошогон муниципалдык жер тилкеси көрктөндүрүлүп, эреже бузуулар катталып, унаа токтотуучу жайга видеокөзөмөл камералары орнотулат. Иштин качан бүтөөрүн, ошондой эле чыгыш багытында каттаган таксилер качан толук көчүрүлүп бүтөөрүн мэрия айткан жок.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media