Екатеринбургдан Бишкекке поезд каттамы, Ысык-Көлгө аба каттамы ачылышы мүмкүн

Екатеринбургдан Бишкекке поезд каттамы, Ысык-Көлгө аба каттамы ачылышы мүмкүн

Кыргызстан менен Россиянын Свердлов облусу түз темир жол каттамын жаңыртуу, ошондой эле Екатеринбург менен Кыргызстан шаарларынын ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда. Бул тууралуу Свердлов районунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, аба жана темир жол байланышы боюнча маселени Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Самат Шатманов жана Свердлов облусунун туризмди жана меймандостук өнөр жайын өнүктүрүү департаментинин директору Эльмира Туканова жолугушуу учурунда талкуулашты.

Сүйлөшүү учурунда Екатеринбург — Бишкек багыты боюнча поездди ишке киргизүү, Екатеринбург менен Кыргызстандын ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү, анын ичинде Ысык-Көлгө чартердик каттамдарды ачуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, азыр Бишкектен Екатеринбургга темир жол аркылуу Бишкектен Казаньга түз каттоочу вагон менен жетүүгө болот. Ал Бишкектен дүйшөмбү күндөрү саат 17:00дө чыгып, Алматы — Казань поездинин курамында жумасына бир жолу каттайт.

Ошондой эле «Манас» жана «Ош» аэропортторунан Екатеринбургга түз каттамдар бар.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA