Microsoft Борбордук Азиядагы хабы үчүн Казакстанды тандады

Microsoft Борбордук Азиядагы хабы үчүн Казакстанды тандады

Microsoft Казакстанда мультирегиондук хаб (борбор) ачууну чечти. Тиешелүү макулдашуулар Казакстандын санариптик өнүктүрүү министри Багдат Мусин менен Microsoft компаниясынын Казакстан боюнча башкы директору Сергей Лещенко менен болгон жолугушуусунда жетишилди. Бул тууралуу Казакстандын санарип агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, хабдын ишмердүүлүгү Борбор Азия өлкөлөрүн, Азербайжан, Армения, Грузия, Монголия жана Пакистанды камтыйт. Майкрософттун Казакстанды тандагандыгынын себеби, Лещенконун айтымында, Казакстанда америкалык компаниянын талаптарына жооп берген бардык керектүү инфраструктура бар экендиги менен байланыштуу.

«Майкрософттун ишмердүүлүгүн локалдаштыруу Казакстанга аймактык масштабда технологияларды жана алдыңкы чечимдерди тартуунун борбору болууга мүмкүндүк берет. Ошентип, Microsoft-тун технологиялык өнүгүү жана инновациялык борбору болуу менен хаб товардык эмес, технологиялык продукция өндүрүүнү жана экспорттоону стимулдаштыруу аркылуу адамдык капиталды өнүктүрүү жана улуттук экономиканы чыңдоо үчүн кыймылдаткыч боло алат», — деп белгилейт Казакстандын санариптик өнүктүрүү министри.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media