Депутат Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасын мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады

Депутат Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасын мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев өлкөдөгү сүт рыногунда баанын калыптанышын мамлекеттик жөнгө салууну сунуштады. Ал тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ парламенттин сайтында жарыяланды.

Документке ылайык, учурда ата мекендик фермерлердин сүтүн төмөн баада сатып алуу маселеси курч турат. Жаз мезгилинин башталышы менен Кыргызстанда бул маселе жыл сайын пайда болууда. Чөп чыгары менен сүт заводдору сатып алуу баасын төмөндөтүп, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн нааразычылыгын жаратышат.

Мындан тышкары абийирсиз сатып алуучулар да буга таасирин тийгизишет: алар элден сүт чогултуп жатышканда баалар боюнча өз ара сүйлөшүп алышат, деп белгилешет мыйзам долбоорунун авторлору.

Кыргызстандын сүт өндүрүү тармагында бир нече үстөмдүк кылган субъекттер бар. Бул компаниялар сүттү кайра иштетүү менен алектенишет – бааны дал ошолор белгилейт. Ошол эле учурда сүт рыногунда баа эркин түзүлөт жана КР мыйзамдарына ылайык, бул рынокто мамлекет тарабынан жөнгө салуу жүргүзүлбөйт.

Ушуга байланыштуу ата мекендик сүт өндүрүүнү сактоо жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик айыл чарба сүт өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында «Сүттү сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоору киргизилүүдө.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, минкаб төмөнкү нерселерди колго алат:

  • сүт жана сүт азыктарына эң жогорку же эң төмөнкү бааларды белгилөө;
  • сүт жана сүт азыктарына белгиленген бааларды коюу;
  • жеке жана юридикалык жактардын жана/же мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосуна макулдашуулар аркылуу бааларды белгилөө режимин киргизүү.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media
Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media